Жаздын алгачкы майрамынын алдында мектебибизде 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү.
Мектеп окуучулары, мугалимдер жана алардын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган вокалдык номерлер жана бий композициялары бардык катышуучуларга жагымдуу эмоцияларды тартуулады. Майрамдык номерлер биздин апаларыбызга, чоң апаларыбызга, кыздарыбызга, мугалимдерибизге, бардык мектеп кызматкерлерине арналды. Бул күнү жаш-кары дебей бардык жигиттер айымдарга кубанычын, ыраазычылыгын, боорукердигин тартуулоого аракет кылышты. Салтанаттуу ырлар аткарылды.
2-в класстын окуучулары майрамды “Жанзе” ыр менен башташты. 2-3-класстын окуучулары 8-мартка карата куттуктоо ырларын окушту. 4-б класстын окуучулары куттуктоолорун сценка менен улантышты. 2-г класстын окуучулары «Керемет күн» ыры менен куттукташты. 2- в класстын окуучулары бардык кыз-келиндерге бий тартуулашты. Асангул кызы Алтынай жетектеген 4-класстын окуучусулары менен Эркинова Динара ийримден «Мама» ырын жана «Кызыл Раушан» бийин көрүүчүлөрдүн назарына тартуулашты. Окуучулардын ата-энелери менен сынактар өткөрүлдү.
Майрамга карата даярдалган слайд көрсөтүлдү. Окучуулардын арасында оюндар өткөрүлдү.
Ата-энелер балдары менен биргеликте мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине эстелик белектер жана флешмоб бий түрүндө куттуктоолорду даярдашты. Мектептин бардык мугалимдерине жана кызматкерлерине эстелик белектер тапшырылды. Бардыгы майрамга абдан ыраазы болушту.
Комментарии