“Нооруз” майрамына арналган иш-чарада кыргыздын улуттук каада-салттарын, оюндарын, ырым жырымдарын көрсөтүшүп, ыр бий менен коштолуп, майрамдык маанай тартуулашты.
Ивановка №5 жалпы билим берүү башталгыч мектебинде, 21-март-Нооруз күнүнө карата чоң иш-чара болуп өттү. ”Кыз узатуу” салты сахналаштырылган кече болду.Иш-чарага мектеп ичиндеги таланттуу 2-а, 3-а жана 4-а класстын окуучулары катышып, жакшы деңгээлде актёрлук чеберчилик менен аткарышты. Сахналаштырылган кечени 2-а класстын жетекчиси Мамбетова Жаңыл Кеңешбековна даярдады. Андан сырткары мектептин окуучулары , улуттук кийимдерин жана тамак-аштарын даңазалоо максатында, улуттук кийимдерин кийип алышып, улуттук тамак-аш болгон боорсок, май жана башка менен тосуп алышты.
“Жылдыз” атту бий ийриминин окуучулары сонун бий тартуулашты.
Комментарии