2024-жылдын 27 февраль күнү уюмдун экинчи этабына өтүү салтанаты болуп, ага ата-энелер, окуучулар, катышты. Сейтек балдар уюмуна 22 окуучу өттү.
Салтанатыбыз Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды. Кыргыз Республикасынын Туусун 4-б классынын окуучулары киргизишти. 4-б класстын жана 2-б класстын окуучулары “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти, ыр саптары айтылды.
Балдар Манастын жети осуятын айтып “Сейтектин” ураанын айтышып ант беришти. Коноктор, мектептин м.а.мүдүрү, мектептин диреторунун окуу бөлүмүнүн башчысы, ата энелер , балдарга жагоолорун, төш белгилерин тагышты. 3 жана 4-класстарынын окуучулары “Сейтек” уюмуна экинчи этапы менен өтүштү. Мектептин м.а. мүдүрү Мусаева И.М. салтанатка катышкан конокторго, окуучуларга калоо тилектерди билдирди.
Комментарии