2024-жылдын 5-март биздин мектепте окуучулардын улуттук кийимдерге көз карашын кеңейтүү; улуттук кийимдерге болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук маданий баалуулуктар системасы менен тааныштыруу; патриотизмге, өлкөнүн маданиятына кызыгууга, эстетикалык нормаларга тарбиялоо максатында АК КАЛПАК күнү белгиленди.
5-март «Ак калпак» күнүнө карата мектепте окуучулар калпактын макетин жасашып, аны менен жөө жүрүшкө чыгышты жана мектепте чакан кече өткөрүлдү.
Балдарга Ак калпак жөнүндө презентация аркылуу мугалим кенен түшүндүрүп берди. Окуучулар менен биргеликте таанып билүү, тарбиялык мааниде оюндар өткөрүлүдү.
Бардыгы керектүү маалыматтарды алды. Иш-чара өз убагында жакшы дэңгэлде өттү.
Комментарии